Курс НБ на 26.09.2020 $79,4998 €92,6530

Былтыр мигранттар акча көп которушкан

Экономика
15 - Февраль 2019
www.erkintoo.kg
443
Өткөн жылы Кыргызстанга тышта жүргөн мигранттардан 2 миллиард 685 миллион 270 миң доллар которулган.  Мындай маалымат  Улуттук банктын сайтында кабарланды. Маалыматтарга караганда, мигранттардын салган акчасы өлкөнүн ИДПсынын үчтөн бир бөлүгүн түзөт. Негизи 2005-жылдан былтыркы жылдын ноябрына чейин жеке тараптар Кыргызстанга 21 миллиард 734 миллион 790 миң доллар жөнөткөн. Келген каражаттын ири бөлүгү — 21 миллиард 46,7 миллион доллары Россиядан келген. Буга чейинки рекорд 2017-жылга таандык болчу, ал жылы РФтен 2,4 миллард доллардан ашуун акча которулган.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.