Курс НБ на 23.10.2019 $69,8230 €77,6292

Быйыл таластыктардын таман акы, маңдай тери акталчудай

Экономика
03 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
462
Быйыл төө буурчак баасы былтыркыга салыштырмалуу эки эсе жогору – килограмы 52-58 сомдон сатылууда. Ошондон улам, таластык фермерлер 5652 тонна төө буурчак экспорттого үлгүрүштү.
 Мындай жагымдуу жагдайдын түзүлүшүнө “Аргентина менен Египетте түшүмдүүлүктүн түшүп кетиши себеп болду” дейт өлкөбүздүн айыл чарба, мелиорация жана тамак аш өнөр жай министри Турдуназир Бекбоев. Ал эми Өкмөттүн облустагы өкүлү Дайыр Кенекеевдин айтымында, төө буурчакты каптоочу эки завод ишке берилсе, баалар дагы көтөрүлүшү мүмкүн.
Эске салсак, 30-сентябрда бир күндүк иш сапар менен облуска келген биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев таластык фермерлер менен дал ушул төө буурчак маселесин талкуулап, аларга Кыргызстанда өстүрүлгөн айыл чарба продукциялары ЕАЭБдин фитосанитардык талаптарына жооп бериши керектигин эскертти.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.