Курс НБ на 18.08.2019 $69,7979 €77,3640

Бизнес-омбудсмен институту түзүлдү

Экономика
18 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
109
Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылга карата отчету боюнча айтып берди. Вице-премьер-министр бизнес чөйрөнү жакшыртууга багытталган негизги чараларга токтолду. «Бизнес-омбудсмен институту түзүлдү, Юстиция министрлигинин сайтында юридикалык жактарды онлайн-каттоо тесттик режимде иштеп баштады. Республикада ишкерлик кылуу шарттарын жакшыртуу жана ишкерлик субъекттеринин жана мамлекеттик органдардын ортосундагы талаштарды чечүү механизмдерин киргизүү максаттарында Өкмөт Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына – «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы третей соттору жөнүндө», «Медиациялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыкты», – деди Замирбек Аскаров.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.