Курс НБ на 12.11.2019 $69,8426 €77,0294

Бишкек мэриясы 1-ноябрга чейин жылуулук бериши мүмкүн

Экономика
05 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
479
Эгер муктаждык болсо жылуулук 1-ноябрга чейин берилиши мүмкүн.  Мэриянын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, шаар башчы Албек  Ибраимов шаардагы казан мештердин жылытуу сезонуна даярдыгы тууралуу жыйын курду. Ошондой эле,  ЖМК өкүлдөрү "Ботсад", "Факел" жана "Бишкекжылуулукэнерго" ишканаларынын абалы менен таанышты. Негизи  жылытуу убактысы 1-ноябрда башталып, 31-мартта аяктайт. Шаар башчы Ибраимов эгер муктаждык жаралса жылытуу сезону эрте башталышы мүмкүн экендигин билдирет. Жылытуу сезону тууралуу буйрукка ылайык,  эгер сыртта 5 күн бою температура 8 градустан төмөн болсо жылуулук бериле баштайт. Маалыматтарга караганда, "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын карамагында 60 казан меш болсо,  алардын 24ү газ менен, 22си көмүр, 11и электр энергиясы жана 3 казан меш аралашкан отун менен
иштейт. Ал  ысык суу менен 28 миңден ашык адам, 525 турак үй, 56 билим берүү мекемеси жана 12 саламаттыкты сактоо мекемесин камсыз кылат.

Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.