Курс НБ на 02.04.2020 $84,8988 €92,7010

Аттестациядан өткөн мугалимдердин айлыктары дагы 2000 сомго чейин көтөрүлдү

Экономика
09 - Март 2020
www.erkintoo.kg
40
Тактап айтканда жакында мугалимдерди аттестациялоонун жаңы системасынын сыноосунан  өткөн мугалимдердин айлыктарына 2000 сомго чейин айлык чегерилип берилди. Бул тууралуу  Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.  Апробация өлкө аймактарындагы инновациялык 30 мектепте өткөрүлгөн. Аттестациялык комиссиялар мугалимдерди ачык-айкын жана комплекстүү түрдө баалап, жыйынтыгында инновациялык мектептердин 500дөн ашык мугалими аттестациядан ийгиликтүү өтүп, алардын маянасына 1000 сомдон 2000 миң сомго чейин кошумча акы чегерилген. Эске салсак, 2020-жылдын октябрынан тарта өлкөдөгү башка мектептердин мугалимдери да квалификациялык категорияны алуу үчүн өз эрки менен аттестациядан өтө алышат. Ушул тапта Билим берүү жана илим министрлиги райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине, аттестациялык комиссиялардын мүчөлөрүнө аттестациялоо жол-жоболору ж.б жагдайлары  боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу