Курс НБ на 15.11.2019 $69,8500 €76,9922

Алтын запастары боюнча Кыргызстан 83-орунда

Экономика
08 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
619
Бүткүл дүйнөлүк алтын кеңештин маалыматтарына таянсак, сентябрь айына карата алтын валюталык запасы боюнча Кыргызстан 100 өлкөнүн арасында 83-орунду ээледи. Учурда Кыргызстандын 4,4 тонна алтыны бар деп эсептелет.
Албетте, алтын кендерине бай Кыргызстан үчүн бул чоң көрсөткүч эмес. Анткени, бизге салыштырмалуу 2000 эсе көп алтындуу өлкөлөр бар. Мисалы, АКШнын алтын запастары 8 133,5 тоннаны түзөт. Ал эми Германияныкы - 3 401,8 тонна, Италия - 2 451,8 тонна, Франция - 2 435,4 тонна, Кытай - 1054,1 тонна болсо, Швейцарияныкы - 1040,1 тонна. Бул өлкөнүн болгону 7,6 млн калкы бар. Россияныкы - 851,5 тонна, Япония - 765,2 тонна, Нидерланды - 612,5 тонна, Индия - 557,7 тонна, Тайвань - 423,6 тонна, Португалия - 382,5 тонна. 27 млн калкы бар Венесуэланыкы - 365,8 тонна жана эң ири алтын запасына ээ латынамерикалык жалгыз өлкө болуп саналат.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.