Курс НБ на 19.08.2019 $69,7839 €77,4776

Аймакты өнүктүрүү чөйрөсүндөгү маселелер талкууланды

Экономика
20 - Май 2019
www.erkintoo.kg
77
15-майда Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев баштаган Экономика министрлигинин Стратегиялык пландоо жана региондорду өнүктүрүү, Соода саясаты жана аймактар аралык башкаруу башкармалыктарынын жетекчилеринен  түзүлгөн делегация Жалал-Абад, Майлуу-Суу шаары,  Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунун бизнес-коомчулугунун, шаардын жана коомдун өкүлдөрү менен аймакты өнүктүрүү чөйрөсүндөгү  маселелерди талкуулашты. Мында Өкмөттүн “2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү жөнүндө” Программасын ишке ашыруу жана республиканын аймактарында ишкерлерди тейлөө борборлорун (ИТБ) түзүү маселелери талкууланды. Ошондой эле 2021-жылга чейин ишкерлик субъекттерин текшерүүгө мораторий, 20 шаарда өсүү пункттарын киргизүү, региондорду өнүктүрүү фонддорунун, жеңилдетилген салык салууга жана салыктык башкаруу боюнча преференциялык калктуу конуштардын ишин өркүндөтүү иштери жакшыртылышы зарылдыгы белгиленди.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу