Курс НБ на 26.05.2020 $73,6468 €80,2603

​9 айда 100 млрд сом насыя алынды

Экономика
06 - Декабрь 2019
www.erkintoo.kg
121
Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында Кыргызстандагы банктар жана кредиттик компаниялар тарабынан 106 миллиард сом насыя берилди. Бул туурасында маалыматты Улуттук статистика комитети жарыялады. Анын 82 миллиардын банктар, 24 миллиард сомун кредиттик компаниялар камсыздаган. Насыялардын көпчүлүк бөлүгү соода чөйрөсүнө (кредиттердин жалпы көлөмүнүн 26,1 пайызы) жана айыл чарбасына (19,3 пайызы) жумшалды. Керектөө муктаждыктарына насыялар портфели 11,1 пайызды, ипотека 10,1 пайызды, курулуш 9,4 пайызды жана өнөр жай 8,2 пайызды түздү.
 
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.