Курс НБ на 24.10.2019 $69,8230 €77,6292

70 млрд. сом салык түшпөй жатат

Экономика
25 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
420
Көмүскө экономиканын көлөмү өлкөнүн рыногунун 50 пайызын камтып 250 млрд. сомду түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитети менен экономика жана фискалдык саясат комитетинин биргелешкен жыйынында депутат Акылбек Жапаров билдирди. “Улуттук статистика комитетинин билдиргени боюнча көмүскө экономика 23 пайыз. Ал эми эл аралык уюмдун билдиргени боюнча көмүскөдөгү экономиканын деңгээли 50 пайыз. Ошондо бүгүнкү күндө продукция өндүрүүдө жана кызмат көрсөтүүдөгү көмүскөдөгү ишкерчиликтин көлөмү 250 млрд. сом болот. Ал эми бюджетке 70 млрд. сомго барабар салык түшпөй калып жатат”,-дейт Жапаров.
Нур Балбак


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.