2425 мекеменин иши текшерилди
2018-жылы Эсептөө палатасы тарабынан мамлекеттик бюджетке байланыштуу 2425 мекеменин иши текшерилди.
Минфин баалуу кагаз чыгарат
2019-жылы мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгарууга 1.9 млрд сом жумшалат.
Айыл чарбасын реформалоо жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүн мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу керек
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев айыл чарбасын реформалоо боюнча кеңешме өткөрдү.
Үнөмдөбөсөк үзгүлтүк болобу?
Быйыл жаздан бери жамгыр тынбай жаап жаткандыгына карабастан, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 1 млрд 697 миллион кубометрге аз.
Өлкөдөн чыгарылган миллиондор
Журналисттер “Апрелде” жолугат
Бишкек ЖЭБ жергиликтүү көмүр сатып алат
Бишкек ЖЭБу 2,1 миллиард сомго жергиликтүү көмүр сатып алынат. Бул туурасында мамлекеттик сатып алуулар порталы жазды.
Башкы прокуратура атайын эсепке 16,4 млн. сом которду
Атайын эсеп ачылгандан бери прокуратура 409 миллион 842 миң 752 сом которгону маалымдалат.
Сары-Жаз кыргыздын Клондайкы
Камбар-Ата менен Кызыл-Омпол Өкмөттү кызыктырбай калды, эми чиновниктер Сары-Жазга көз кырын сала баштады.
Ишенбек Медетов кызматтан кетти
Жогорку Кеӊеш башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу Ишенбек Медетовду Эсептөө палатасынын аудиторунун кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотту.
Кытай Кыргызстанга агро парктарды курууга кызыкдар
12-июнда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, “Хара Кытай эл аралык” компаниясынын өкүлү Гао Цзюнь менен жолукту.
Бизнес форумда 25 документке кол коюлду
Кыргызстан менен Кытайдын ишкерлери катышкан бизнес форумда 25 документке кол коюлду. Алар инвестиция айыл-чарба, тоо-кен, курулуш жана башка тармактарына байланыштуу.
Эки өлкө жеңил өнөр жай тармагында кызматташат
11-июнунда Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин демилгеси менен Кыргызстан жана Украинанын жеңил өнөр жай тармагында кызматташуусун өркүндөтүү маселелери жөнүндө видео - конференция уюштурулду.
Элдин акчасы көп
Мындай билдирүүнү Улуттук Банк жасады.
5 калктуу конушка айыл макамын ыйгаруу зарыл
Аксы районунун аймагындагы 5 калктуу конушка айыл макамын ыйгаруу үчүн 70 миӊ сом талап кылынат.
Кытай Кыргызстанга ишкана кургусу келет
11-июнда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, Цзянсу Кытай эл аралык техникалык кызматташуу компаниясынын директору Ванг Бин Чейрмен баштаган ишкерлер менен жолугушту.
222 айыл өкмөтүнө текшерүү жүргүзүлгөн
Эсептөө палатасы 2018-жылы 222 айыл өкмөтүнө текшерүү жасап, эки жылдык ишине талдоо жүргүзгөн.
Финансы тармагында иштегендер 4,5 миң адамды түзөт
Кыргызстанда финансылык ортомчулук кызматын көрсөтүү чөйрөсүндө 900гө жакын уюм ишмердик жүргүзүшөт.
2 миллиард 321 миллион сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталды
Мындай каржылык мыйзам бузуулар 2018-жылы мамлекеттик органдарга аудит жүргүзүү жыйынтыгында аныкталган.
Суу түтүктөрү жаңыртылат
Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларынын саркынды суулардан арылуу тутумун жакшыртууга багытталган “Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу” боюнча Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык жана Гранттык макулдашуулардын долбоорун жактырды
Тоголоктун алтыны аукционго коюлабы?
Өнөр жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитети 2019-жылы кендерди иштетүү боюнча 7 сынка өткөрүүгө ниеттенүүдө деп билдирди аталган мекеменин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраев.
Салык кызматында "шыр байланыш" кызматы иштеп баштады
Мамлекеттик салык кызматы ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн Кыргызстандын аймагына товарларды жана күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт коюу маселеси боюнча жарандардын кайрылууларын жана маалыматтарын кабыл алуу үчүн “шыр байланышын” түздү.
"Фермердин паспорту" ишке кирет
Кыргызстанда ушундай программа фермерлер, дыйкандар үчүн ишке кирет.
Чет өлкөлүк 8 миңге жакын жаранга иштөөгө уруксат берилген
Жыл башынан бери чет өлкөлүк 7 миң 85 жаранга Кыргызстанда иштөө үчүн уруксат документи берилген.
Жүк ташуучу унааларга күндүз жолдордо жүрүүгө тыюу салынды
Буйрукту Унаа жана жолдор министрлиги чыгарды.
2020-2022-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу жактырылды
2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу жактырылды.