Курс НБ на 19.11.2019 $69,8500 €77,3240

Жогорку түшүмдүү деңиз күрүчү кытайлыктардын кыялы

Дүйнө
22 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
340
Кытай илимпоздору деңизде өсүүчү жогорку түшүмдүү күрүчтүн жаңы сортунун үстүндө иштеп жатышат. Атактуу кытай илимпоз-агротехниги Юань Лунпин жетектеген илим изилдөөчү топ жакынкы үч жылда күрүчтүн бул сортун чыгарууга ниеттенүүдө.
0,8%га чейинки туздуу сууга чыдамдуу күрүчтүн сорту гектарына 300 килограммга чейин түшүм бериши керек.
Күрүч дүйнө калкынын жарымынан көбүнө азык катары кызмат кылат. Ал эми Кытайда 60% калк күрүч менен тамактанат. Тузга туруктуу күрүчтү чыгаруу өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн өзгөчө маанилүү. Негизи жапайы деңиз күрүчү жаратылышта кездешет, бирок түшүмдүүлүгу гектарына 150 килограммдан ашпайт.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.