Курс НБ на 07.12.2019 $69,8490 €77,5883

Жер ортолук деңизинде качкындар дайынсыз жоголду

Дүйнө
16 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
347

Дүйшөмбүдө Ливиянын жээгине жакын аралыкта кеменин кыйроосунан улам ондогон качкындар  дайынсыз жоголгон. Мындай маалыматты Италиянын жээк күзөтүнөн шилтеме кылып РИА Новости жазды. Маалыматтарга караганда,  нефть ташыган кеменин моряктары Жер ортолук деңиздеги кыйроого күбө болушкан. Алар жардам берип өздөрүнүн бортуна 15 качкынды чыгарууга жетишкен.  Калган чөгүп кеткен качкындар дайынсыз жоголгон. Учурда жоголгон адамдарды издөө уланууда деп айтылат маалыматта. Миграция боюнча эл аралык уюмдун (IOM) маалыматына караганда, 2016-жылдын башынан бери Европага деңиз менен  328 миңден ашык качкын келген. Алардын  4 миңден ашыгы курман болгон.

Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.