Курс НБ на 26.09.2020 $79,4998 €92,6530

Жер ортолук деңизде орусиялык МиГ-29 согуштук учагы кыйрады

Дүйнө
15 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
479
Орусиялык МиГ-29 согуштук учагы Жер ортолук деңизде «Адмирал Кузнецов» кемесине конуу маалында кыйраган. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинен кабарлашканын «Интерфакс» жазып чыкты. Мекемеден учкуч аман-эсен калганын билдиришти. Себеп катары «техникалык мүчүлүштүктөр» айтылууда. Буга чейин «Адмирал Кузнецовдун» жанында орусиялык аскерий учактын кулап түшкөнү тууралуу америкалык Fox News телеканалы билдирген.
"Адмирал Кузнецов" орусиялык башка аскерий кемелердин курамында Сириянын жээктерин көздөй бара жатат. 11-ноябрда кемедеги согуштук учактар машыгуу учууларын аткарып башташкан.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.