Курс НБ на 15.07.2020 $77,5098 €87,9814

Жансакчылардын айыбы ачылууда

Дүйнө
06 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
350
Америка Кошмо Штаттарынын вице-президенти Майкл Пенстин коопсуздугун камсыз кылууга жоопкер Жашыруун кызматтын кызматкери Мэриленд штатындагы мейманканалардын биринде сойку менен жолугушуу учурунда кармалды деп билдирди өлкөнүн укук коргоо органдарына шилтеме жасаган CNN телеканалы.
Президентти жана анын үй-бүлөсүн, ошондой эле өлкөнүн мурдагы лидерлерин кайтаруу милдети тагылган Жашыруун кызматтын кызматкерлери буга чейин ушундай жагымсыз жагдайларга көп эле кабылып келген.
2013-жылдын ноябрында америкалык сенатор Рональд Джонсон бул кызматтын кызматкерлери бери дегенде эле 17 мамлекетте жосунсуз жоруктарды жасашкандыгын айтып чыккан.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.