Курс НБ на 24.01.2020 $69,8443 €77,1640

Өзбекстанда виза режимин жоюу 2021-жылга чейин узартылды

Дүйнө
09 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
356
Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 27 өлкөнүн жарандары үчүн виза режимин жоюу мөөнөтүн 2017-жылдын 1-апрелинен 2021-жылдын 1-январына чейин жылдырганын РИА Новости агенттиги жазып чыкты. Өткөн жылдын декабрында Мирзиёев өлкөгө 30 күндөн ашык эмес мөөнөткө кирген туристтер үчүн визаларды жоюуну сунуштаган жарлыкка кол койгон. Ал ошондо эле профилдик министрликтер менен мекемелерге 2017-жылдын 1-январына чейин бирдиктүү туристтик визаларды киргизүү, ошондой эле виза алуу шарттарын жөнөкөйлөтүү боюнча сунуштарды даярдоону тапшырган.
Эми башка жарлыкка ылайык, чет өлкөлүк туристтерди паспорт жана бажы көзөмөлүнөн өткөрүүдө жөнөкөйлөтүлгөн жол-жоболорду киргизүү да 2021-жылдын 1-январына чейин жылдырылат.
Жазгүл Кенжетаева
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.