Курс НБ на 22.10.2019 $69,7890 €77,9334

Өзбекстанда пахта теримге мажбурлоо көйгөйүн чагылдырган журналист камалды

Дүйнө
08 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
29
Өзбекстандын Хорезм облусунда 5-октябрда пахта теримге мажбурлоо көйгөйүн чагылдырган “Жамият” гезитинин журналисти Давлатназар Рузметов камалды деп маалымдады centralasian.org. Эске салсак, Өзбекстанда пахта теримге калкты мажбурлап чыгаруу токтотулгандыгы жарыяланган. Арийне, ага карабастан ушул эле күнү Өзбекстандын Аялдар комитетинин төрайымы Эльмира Баситханова өз жамааты менен Ташкент облусунун Ак-Коргон районунда пахта теримге катышты.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу