Курс НБ на 19.11.2019 $69,8500 €77,3240

Өзбекстанда Бажы комитетин Каримованын үйүн тинткен генерал-майор башкарат

Дүйнө
21 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
366

Өзбекстандын мурдагы президентинин коопсуздук кызматынын башчысы Муиджон Тохирий Бажы комитетинин төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдиргенин Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Бажы комитетин 2011-жылдан бери жетектеп келген Зохид Дусанов Башкы прокуратуранын алдындагы салык, валюта жана арам акчаны адалдоо кылмыштарына каршы күрөшүү департаментинин башчысы болду. Ал бул кызматты мурда дагы аркалаган.

Ислам Каримовдун жеке күзөтүнүн башчысы генерал-майор Муиджон Тохирий 2014-жылы Гүлнара Каримованын үйүн тинтүүдө өзү көзөмөл кылган.

2014-жылы февралда атайын бөлүктүн жоопкерлери Өзбестандын тунгуч президентинин кызы Гүлнара Каримованын үйүнө чабуул жасап кирип барган. Окуя маалында үйдө ал өзү жана коноктору болгон. Тактап айтканда анын жарандык күйөөсү Рустам Мадумаров, жеке жардамчылары Гаяне Авакян жана Екатерина Клюева кичинекей баласы менен отурган. Мындан тышкары аларды тейлеген кызматкерлер дагы жүрүшкөн.

Кийинчерээк өзбек прокуратурасынын сайтында Мадумаров, Авакян жана Клюева экономикалык кылмыштарды жасоого шектелип кармалганы жарыяланган. Өзбек бийлиги Мадумаров менен Авакянды ири коррупциялык иштерди жасоого күнөөлөгөн.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.