Курс НБ на 15.07.2020 $77,5098 €87,9814

Өзбекстан менен Россия 3,5 млрд доллар суммасындагы келишимдерге кол коюшту

Дүйнө
05 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
329
3-апрелде Өзбекстандын Москвадагы элчилигинде өзбек-россиялык документтерге кол коюлду. Бул иш-чарага Өзбекстандын биринчи вице-премьер-министри Ачилбай Орозматов менен Орусиянын экономикалык өнүктүрүү министри Максим Орешкин катышты.
Тараптар жалпы суммасы 3,5 млрд долларды түзгөн 16 эки тараптуу келишимдерге кол коюшту. Бул сумманын ичинде Россияга жаңы жана иштетилген жашылча-жемиштерди жөнөтүү боюнча 612 млн долларлык келишим бар.
Ал эми 4-апрелдин кечинде Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Москвага келди.
Мирзиёев менен Путиндин сүйлөшүүлөрү жана башка негизги иш-чаралар бүгүн, 5-апрелде болот. Сүйлөшүүлөрдун жыйынтыгы боюнча эки президент биргелешкен билдирүү жасашат.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.