Курс НБ на 08.04.2020 $84,8713 €91,6016

Өзбекстан алтын экспорттоону эки эсеге азайтты

Дүйнө
27 - Февраль 2020
www.erkintoo.kg
32
Өзбекстан өткөн жылга салыштырмалуу алтын экспорттоону эки эсеге азайтты деп билдирди өлкөнүн Мамлекеттик статистикалык комитети. 2020-жылдын январь айында 498 миллион долларга алтын экспорттолду. 2019-жылдын январында 812 миллион долларга алтын сатылган деп айтылат маалыматта. Өзбекстан акыркы жылдары алтын экспорттоо көлөмүн көбөйтүүдө: 2015-жылы - $823,9 млн, 2016-жылы – $738,2 млн, 2017-жылы – $1,6 млрд, 2018-жылы – $2,91 млрд жана 2019-жылы – $4,92 млрдды түзгөн. Өзбекстан алтын запастары боюнча дүйнөдө 4-орунда турат.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу