Курс НБ на 18.09.2019 $69,7942 €76,9027

​Япониянын өкмөтү отставкага кетти

Дүйнө
11 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
23
Бүгүн, 11-сентябрда эртең менен Япониянын өкмөтү толук курамында отставкага кеткендигин РИА Новости маалымдады. Премьер-министр Синдзо Абэ өз кабинетинин отставка тууралуу арыздарын кабыл алды. Өкмөттү алмаштыруу буга чейин эле пландалган. Өз кызматтарында өкмөттүн катчысы Ёсихиде Суга жана финансы министри Таро Асо гана калды. ТИМдин башчысы Таро Коно экономика министри, ал эми экономиканы калыбына келтирүү министри Тосимицу Мотэги ТИМди жетектээри айтылууда. Министрлер кабинетинин 13 мүчөсү жаңы жүздөр болот. Өкмөттүн жаңы курамы күндүн экинчи жарымында жарыяланат.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу