Курс НБ на 11.07.2020 $77,8000 €87,8362

Японияда сифилис менен ооругандар кескин көбөйдү

Дүйнө
09 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
530
Японияда сифилис менен ооругандар бир жыл ичинде кескин өсүп, 77 пайызга жетти. Мындай маалыматты  РИА Новости Киодо агенттигинин маалыматына таянып жазды. Аталган статистикалык маалыматтар Саламаттык сактоо министрлигинен алынган. Маалыматтарга караганда, өткөн жылы декабрда  "сифилис" дарты аныкталган 4259 бейтап катталса, 2015-жылдын башында оорулуулардын саны анын жарымына гана чыккан. Иликтөөлөргө караганда,  сифилистин энеден балага өткөн учуру мурда сейрек кездешкен. Илдеттин Японияда тездик менен көбөйүп кетишинин себебин медиктер азырынча так айта элек. Адистер жыныстык катнаш боюнча жаштар арасында мамиленин өзгөрүшү жана жыныстык оорулар көп кездешкен өлкөдөн келген туристтердин агымы себеп деп божомолдонууда. 
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.