Курс НБ на 17.09.2019 $69,7942 €76,9027

ВИЧке шыпаа табылдыбы?

Дүйнө
04 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
402
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына таянсак, 2014-жылы дүйнөдө ВИЧке кабылгандардын саны 37 миллионго жакындаган. Алардын 34 миллиону жашоо менен кош айтышкан. Жыл сайын 2,2 миллион адам ВИЧти алып жүрүүчүлөрдүн катарын толуктаса, 1,5 миллион адам бул оорунун айынан каза болушат.
Ал эми Англиядагы Оксфорд жана Кембридж университеттеринин врачтары британиялык 44 жаштагы жаранды ВИЧ оорусунан айыктырдык деп жарыя салышты. Алардын айтымында, дарылоонун жаңы ыкмасы колдонулган 50 пациенттин ичинен бул адамды толугу менен айыгып чыкты десе болот.
Вируска каршы жаңы терапиялык ыкма азырынча тажрыйба катары колдонулууда.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.