Курс НБ на 19.09.2020 $79,0444 €93,7348

​Украиналык топ-модель Түркияда эс алууга чакырат

Дүйнө
06 - Август 2020
www.erkintoo.kg
118
Украиналык топ-модель Дарья Кирилюк өзүнүн инстаграм баракчасында Түркия Республикасынын желегинин сүрөтүн бөлүшүп, түрк элине жана Түркия мамлекетине ыраазычылыгын билдирерин айтты. "Чешмедеги  Momo Beach пляжында болгон каргашалуу окуяга байланыштуу кайгымды жана оорумду тең бөлүшкөн сүйүктүү түрк жарандарына, мага колдоо көрсөткөндөрдүн баарына чоң рахмат айтам. Түркияда убактымды ар дайым кубаныч менен өткөрдүм. Башымдан өткөргөн бул окуяны көзөмөлгө алган Түркия өкмөтүнө, Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, өкмөттүн басма сөз катчысы Өмер Челик  мырзаларга бул окуяга сезимтал мамиле кылышкандыгы үчүн өзгөчө ыразычылыгымды билдирем. Бул окуя Түркиянын акыйкаттуу адилет системасында тез арада чечилип күнөлүүлөр керектүү жазаларын тартаарына ишенем.  Муну менен биргеликте Түркияда эс алуу абдан жагымдуу экенин белгилеп, бардыгыңыздарды Түркияда эс алып кетүүгө чакырам",- деген билдирүүсүн таратты.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу