Курс НБ на 11.07.2020 $77,8000 €87,8362

Тьюринг сыйлыгынын жаңы лауреаты белгилүү болду

Дүйнө
06 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
499
Эсептөөчү техникалар ассоциациясы (АСМ) интернетти азыркы турпатында ойлоп табуучулардын бири Тим Бернерс-Лини 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча Тьюринг сыйлыгынын лауреаты деп атады.
Тимоти Джон Бернерс-Ли – британиялык илимпоз, Массачусетс технологиялык институтунун жана Оксфорд университетинин профессору. Тим Бернерс-Ли жана Роберт Кайо интернетти ойлоп табуучулар катары таанымал. Бүткүл дүйнөлүк желечени жана биринчи веб-браузерди ойлоп тапкан илимпозго сыйлык 2017-жылдын 24-июнунда Тьюринг сыйлыгынын 50 жылыдыгын майрамдоонун алкагында расмий тапшырылат.
Кошумчаласак, Тьюринг сыйлыгы информатика тармагындагы башкы сыйлык болуп саналат жана жыл сайын бир же бир нече окмуштуу-илимпозго ыйгарылат. Сыйлыктын акчалай суммасы миллион долларды түзөт, ага Google спонсорлук кылат. Бул сыйлык алгач ирет 1966-жылы программалоонун жалпыланган техникалар жаатына таасир эткендиги жана компиляторлорду түзгөндүгү үчүн Алан Джей Перлиске ыйгарылган.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.