Курс НБ на 06.12.2019 $69,8490 €77,5883

Тынчтык акчадан да артык
Нобелдик Тынчтык сыйлыгынын быйылкы лауреаты Колумбиянын президенти Хан Мануэль Сантос сыйлыктын акчалай бөлүгүн толугу менен өлкөдөгү жарандык согуштан жабыр тарткан үй-бүлөлөргө бере турган болду. Сыйлыктын акчалай эквиваленти 975 миң долларды түзөт. Сыйлык 10-декабрда тапшырылат.
Президент Сантос менен солчул көтөрүлүшчүлөрдүн ФАРК тобунун лидери Тимелеон Хименес жарым кылымга созулган жарандык согуштуу токтотуу жөнүндө үстүбүздөгү жылдын 26-сентябрында тынчтык келишимине кол коюшкан.
Эске салсак, Колумбиядагы жарандык согуштун экинчи толкуну 1964-жылы башталганы. Анын себебин ФАРК жана башка партизандык кыймылдар социалдык адилеттүүлүк үчүн күрөш – кедейлердин укуктарын коргоо деп түшүндүрүп келишкен. Бул куралдуу кагылышуулардын айынан 220 000 адам өлүп, 50 мидейи дайынсыз, ал эми 5 миллиондон ашык адам башка жактарга көчүп кетүүгө аргасыз болушкан.
Атай Алтымышев

Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек