Курс НБ на 19.11.2019 $69,8500 €77,3240

Түштүк Осетиянын БШКсы Эдуард Кокойтыны президенттикке талапкерликке каттабайт

Дүйнө
21 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
320
Түштүк Осетиянын Борбордук шайлоо комиссиясы республиканын экс-президенти Эдуард Кокойтыны  туруктуу жашоого байланышкан республикалык мыйзамдын нормаларынан улам республиканын башчысынын кызмат ордуна талапкер катарында каттай албайт. Бул тууралуу бүгүн  ТАССтын кабарчысы менен болгон маектешүүсүндө Түштүк Осетиянын президентинин мамлекеттик кеңешчиси Сослан Джусоев билдирди.
“Мыйзам бардыгы үчүн бирдей. Президенттикке талапкерлерди каттоонун мыйзамдуу жол-жоболору, ага карата мыйзамда жазылган талаптар, анын ичинде туруктуу жашоо боюнча талаптар бар. Тийиштүү нормалар 2016-жылдын июнунда парламенттин чечими менен бекемделген. Ошондуктан, менин көз карашымда Эдуард Кокойты республиканын БШКсында  каттоодон өтө албайт”, - деди Джусоев.
2001-2011-жылдары Түштүк Осетияны жетектеп келген Эдуард Кокойты ушул жылдын 14-декабрында 2017-жылы республиканын президентинин кызмат ордуна талапкерлигин коюу ниети тууралуу билдирген. “Мен талапкерлигимди коём. Мен эркин жаран катары каалаган жеримде: Осетияда, Москвада жашаймын, Осетияда да, Москвада да болуп турамын” деп айткан.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.