Курс НБ на 18.11.2019 $69,8500 €77,2541

Түркмөнстанда президенттик шайлоого даярданууга буйрук берилди

Дүйнө
20 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
394
16-сентябрда өлкө Конституциясына өзгөртүү киргизип, президенттин башкаруу мөөнөтүн 7 жылга узарткан жана президенттик кылууга жаш куракка чектөөлөрдү алып салууга жетишкен Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов кезектеги президенттик шайлоо өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча Өкмөткө тапшырма берди.
 “Түркмөнстандын президентин шайлоого даярдык көрүүнү азыртадан башташыбыз зарыл жана бул коомдук-саясий маанилүү окуя жогорку деңгээлде, демократиялык жана атаандаштык негизде, бир нече талапкерлердин катышуусунда өтүшү керек”, - деп айтты ал Министрлер кабинети менен Коопсуздук боюнча мамлекеттик кеңештин биргелешкен жыйынында. Президенттик шайлоо 2017-жылдын февраль айына белгиленип жатат.
 
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.