Курс НБ на 08.03.2021 $84,8000 €101,1579

​Түркмөнстанда массалык эмдөөгө даярдык башталды

Дүйнө
27 - Январь 2021
www.erkintoo.kg
85
Өткөн жыл ичинде өлкөдө коронавирус бар экендигин караманча танып келген Түркмөнстанда калкты кеңири масштабда эмдөөгө даярдык көрүү башталды. Биринчи кезекте курагы 60тан ашкан жарандар эмделишет. Учурда бул курактагылардан анализдер алынып, кандары текшерилүүдө деп жазышты түркмөнстандык жалпыга маалымдоо каражаттары. Эске салсак, Түркмөнстан 18-январда Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасынан биринчи болуп россиялык Спутник V вакцинасын каттаган. Ошол эле учурда өлкөгө алып келинген Pfizer-BioNTech вакцинасынын катталгандыгы тууралуу эч кандай кабар жок.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу