Курс НБ на 22.10.2019 $69,7890 €77,9334

Түркмөнстанда Конституцияга өзгөртүү киргизүү аракеттери башталды

Дүйнө
08 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
30
Түркмөнстанда өлкөнүн Конституциясын өзгөртүү боюнча комиссия ишке киришти деп билдирди ТДХ мамлекеттик маалымат агенттиги. Президент Гурбангулы Бердымухамедовдун пикиринде, өлкө үчүн конституциялык өзгөрүүлөр “дүйнөдөгү экономикалык жана саясий кырдаал тездик менен алмашып жаткандыгына байланыштуу” зарыл болууда. Г.Бердымухамедов өзү комиссиянын төрагасы болуп саналат. Эске салсак, Түркмөнстандын 1992-жылы кабыл алынган Конституциясы буга чейин алты ирет: 1995, 1999, 2003, 2006, 2008 жана 2016 жылдары өзгөртүлгөн.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу