Курс НБ на 24.09.2019 $69,8245 €76,6533

Түркияда Белоруссиялык дипломатка кол салышты

Дүйнө
25 - Июль 2019
www.erkintoo.kg
50
Түркиянын борбору Анкаранын Чанкая районунда көп сандаган өлкөлөрдүн элчиликтери жайгашкан. Бул райондо түркиялык отставкадагы аскер адамы Белоруссия элчилигинин кеңешчисине кол салгандыгын ТАСС агенттиги маалымдады. Жумуштан үйүнө кайтып келе жатканда эки ок тийип оор жаракат алган дипломат Анкарадагы ооруканалардын бирине жаткырылды. Кол салган адам дипломаттын кошунасы болуп чыккандыгын Demiroren агенттиги билдирди.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу