Курс НБ на 18.11.2019 $69,8500 €77,2541

Түркияда 28 миң мугалим жумушсуз калды

Дүйнө
20 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
428
Үстүбүздөгү жылдын 15-июлунда орун алган Түркиядагы мамлекеттик төңкөрүш аракетинен кийин терроризмге байланышы бар деп шектелген 28 миң мугалим жумуштан бошотулган, дагы 9500 мугалимдин ишмердиги убактылуу токтотулган. Бул туурасында Түркиянын вице-премьер-министри Нуреттин Каникли билдирди. Иштен бошотулган мугалимдердин басымдуу бөлүгү өлкөнүн түштүк-чыгышындагы күрддөр жашаган аймакта иштегендер.
 Төңкөрүш аракетинен кийин түрк бийликтери Гүленге тиешеси бар делген 15 университетти жана 1000ге жакын орто мектептерди жапкан.
Андан тышкары сот, прокурор, полицей, мугалим болуп иштеген 100 миңге жакын мамлекетти к кызматкерлер жумуштан бошотулуп, 40 миңге жакыны камакка алынган.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.