Курс НБ на 16.11.2019 $69,8500 €76,9922

Трамптын балдары жеке иш-чараларга катышуудан баш тартышты

Дүйнө
21 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
349
AP агентствосу маалымдагандай,  АКШнын шайланган президентинин балдары кызыкчылыктардын чыр-чатагынан качуу жана атасы Дональд Трамптын кадыр-баркына шек келтирбөө үчүн коммерциялык кайрымдуулук  иш-чараларына өздөрүнүн катышууларынан  шашылыш түрдө баш тартышты.
Анын маалыматына караганда,  шайланган президенттин уулу Эрик жана кызы Иванка  балдар ооруканасынын муктаждыктары үчүн ыктыярдуу тартууларды чогултуу максатында өткөн жумада жарыя кылынган кайрымдуулук чай ичүүгө барбай турган болушту. Ал эми Эриктин жана Дональд Трамп-кичүүсүнүн катышуусу менен боло турган “Ачык эшиктер күнү” тооругу да ушундай тагдырга туш болду.  Анын уюштуруучулары 1 млн доллар тартуу кылгандарга президент менен фотосессия жасоого жана анын уулдары менен балык улоого жана аңчылыкка чыгууга убада кылышкан болчу.
Эми бул иш-чаралардын бардыгына Трамптын балдары катышпай турган болду.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.