Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

Террористтер тууралуу маалымат үчүн Казакстан акча төлөйт

Дүйнө
17 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
397
“Терроризм актысына бөгөт коюуга жана алдын алууга жардам берген маалымат үчүн сый акы белгилөө жана чегерип берүү тартиби жөнүндө” Казакстан өкмөтү токтомду кабыл алгандыгы кабарланууда. Документ 2017-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет. Сый акынын көлөмү – 750дөн 1000ге чейинки эсептик көрсөткүч деп белгиленүүдө (бир АЭК азыр 2121 теңгеге же 6,2 долларга барабар). Сый акы бир гана жолу ыйгарылат жана теракт боюнча маалымат берген кишинин банктык эсебине которулат. Токтомдун долбоорун Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети иштеп чыккан.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.