Курс НБ на 08.04.2020 $84,8713 €91,6016

«ТЕКНОФЕСТ 2020» авиация, космонавтика жана технология фестивалы

Дүйнө
27 - Февраль 2020
www.erkintoo.kg
54
Үстүбүздөгү жылдын 22-27 сентябрь күндөрү Түркиянын Газиантеп шаарында дүйнөдөгү эң чоң авиациялык фестиваль болгон “ТЕКНОФЕСТ 2020” өткөрүлөт.

Фестиваль өткөн жылы Түркиянын Стамбул шаарында болуп ага 1 миллион киши катышкан. “ТЕКНОФЕСТ 2020” авиация, космонавтика жана технология фестивалы Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм, Жаштар жана спорт, Ички иштер, Билим берүү, Улуттук Коргоо, Саламаттыкты сактоо, Транспорт жана Жол министиликтеринин колдоосу менен Түркиянын Өнөр-жай жана технология министрлиги жана Технологиялык топ фонду тарабынан 2020-жылдын 22-27 сентябрь күндөрү Газиантеп аэропортунда өткөрүлөт. Фестивалда дрон, робот, интеллектуалдык транспорт, айыл чарба технологиялары сыяктуу 23 түрдүү категорияда өткөрүлө турган технология тармагындагы мелдештерге мектеп окуучуларынан тартып университетте окуган студенттерге чейин каттала алат.

Аталган тармакта долбоорлор даярдаган миңдеген жаштарга каржылык колдоо жана сыйлыктар каралган.

Фестиваль алкагында уюштурулган иш-чараларга, семинарларга катышуу жана Эл аралык Ишкердик Жарманкесине катышуу бардык каалоочуларга бекер болот.

Фестиваль тууралуу жана фестивалга катышуучулардын катталуусу үчүн кенен маалымат: https://www.teknofest.org сайтында.

Катталуунун акыркы мөөнөтү 2020 жылдын 28-февралы.

 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу