Курс НБ на 26.09.2020 $79,4998 €92,6530

Тажикстанда Рогун ГЭСинин 335 метрлик дамбасын куруу башталды

Дүйнө
15 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
464
ГЭСтин тосмосунун бийиктиги дүйнөдө эң бийик эсептелген Кытайдагы “Цзиньпин-1” ГЭСининен 30 метрге бийиктик кылат.
Долбоордук кубаттуулугу 3600 МВт келген Рогун ГЭСи жылына орто эсеп менен 17,1 млрд кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгууга жөндөмдүү болот. Ашыгы Пакистан менен Ооганстанга сатылат.
Учурда Тажикстанда электр энергиясы тартыш. Жарык күнүгө бир нече саатка гана берилүүдө. ГЭСтин долбоорлоо жумуштары 40 жыл илгери эле башталган. Бирок, коңшу Өзбекстан узак убакыт бою каршылык көрсөтүп келген. Эки жыл мурда Тажикстандын демилгеси боюнча Бүткүл дүйнөлүк банк экспертиза жүргүзүп, курулуштун техногендик коркунучу жоктугу тууралуу корутунду чыгарып берген.
3,9 млрд долларлык долбоорду италиялык Salini Impregilo компаниясы жүзөгө ашырат. ГЭСтин биринчи агрегаты 2018-жылы ишке киргизилет. Толук кубаттуулукка жетиш үчүн дагы 7,5 жыл талап кылынат.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.