Курс НБ на 17.11.2019 $69,8500 €76,9922

Талапкерлерди расмий каттоо 30-сентябрда башталат

Дүйнө
20 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
466
Өзбекстанда президенттик шайлоо өткөрүү ушул жылдын 4-декабрына белгиленди. Учурда мамлекеттик эң жогорук кызматка талапкерлерди көргөзүү уланууда. Азырынча алардын саны төртөө болду.
Өзбекстан Элдик демократиялык партиясы Анжыян облусунун өкүлү 47 жаштагы орус тили мугалими Хатамжон Кетменовду сунуштады. Бул талапкер мурдагы шайлоодо маркум Ислам Каримовго атаандаш болгону эсибизде. Ал аталган партиянын Борбордук кеңешинин төрагасы жана өзбек парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасынын спикеринин орун басары болуп саналат.
 
Экинчи талапкер – ушул тапта өлкө президентинин милдетин аткарып жаткан Шавкат Мирзиёевди Өзбекстандын либералдык-демократиялык партиясынын саясий кеңеши көрсөттү.
 
Үчүнчү талапкер Сарвар Отамурадов “Миллий тикланиш” (Улуттук кайра жаралуу) партиясынын өкүлү, төртүнчүсү Өзбекстандын “Одалат” социал-демократиялык партиясы көрсөтүп жаткан Нариман Умаров.
Талапкерлерди расмий каттоо 30-сентябрда башталып, 20-октябрда аяктайт.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.