Курс НБ на 22.10.2019 $69,7890 €77,9334

​Табияты коопсуз өлкөлөр аталды

Дүйнө
07 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
31
Жаңы Зеландиянын Отаго университетинин окумуштуулары дүйнөдө эпидемия жаралып апокалипсис болуп калса кайсы өлкөгө барып жашаса болорун аныкташты. Бул туурасында  Science Alert  илимий порталы жарыялады. Окумуштуулар жетекчиси Ник Уилсондун айтымына караганда, мурда адамдар  дүйнөгө жайылган эпидемиянын кесепетинен кырылган. Окумуштуулар эгер жаратылыш кырсыгы  болсо  адамдар коопсуз  жерге жайгашса, аман калат деп эскертишет. Алар  баш калкалай турган 20 өлкөнүн тизмесин түзүштү.  Эң эле коопсуз деп Австралия, Жаңы Зеландия жана Исландия табылган. Ал эми Япония, Куба, Фиджи, Ямайка, Барбадос  жашап кетүүгө мүмкүнчүлүк кененирээк мамлекеттер деп аталды.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу