Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

Суу күчтүү аргумент

Дүйнө
27 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
558
18-сентябрда Жамму жана Кашмир штаттарындагы террористердин кол салуусунан улам Ури шаарында индиялык 18 аскер кызматчысы курман болгон. Пакистандык "Жаиш-э-Мохаммад" тобуна кирген террористтердин бул чабуулунан кийин Индиянын бийликтери Пакистан менен мамилени катуулатканы калды. Инд дарыясына куйган куйма сууларды бууп салуу маселеси талкууланууда.
Эске салсак, 1947-жылы британиялык Индиядан Пакистан бөлүнүп чыккандан кийин суу бөлүштүрүү маселеси көп жылдар бою талаштуу болуп келген. 1960-жылдын 19-сентябрында гана Эл аралык өнүктүрүү банкынын ортомчулугунда Индиянын премьери Жавахарлал Неру менен Пакистан Президенти Аюб Хан кол койгон келишимге ылайык, Беас, Рави жана Сатлеж дарыясына көзөмөлдүк кылуу Индиянын, Инд, Чинаб жана Желам дарыяларын көзөмөлдөө Пакистандын ээлигине өткөн. Акыркы үч дарыя Пакистанга Индиянын аймагынан агып кирет. Эгер Индия бул сууларды бууй турган болсо Пакистанда кургакчылык башталат.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.