Курс НБ на 08.07.2020 $77,6875 €87,5150

Sotheby’s аукционунда асыл таштар үчүн баалардын дүйнөлүк рекорду коюлду

Дүйнө
05 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
446
INTERFAX.Ruнун маалыматына таянсак, 59,6 караттык “Күлгүн жылдыз” (The Pink Star) бриллианты 4-мартта Гонконгдогу Sotheby’s аукционунда 533 млн гонконг долларына ($71,2 млн доллар) сатылды.
Аталган бриллиантты дүйнөдөгү зер буюмдарды сатуучу дүкөндөрдүн түйүндөрүн бириктирген гонконгдук Chow Tai Fook Jewellery Group компаниясы сатып алды.
“Күлгүн жылдыз” Азиядагы аукциондордун тарыхындагы эң кымбат лот болуп калды. Мурдагы дүйнөлүк рекорд ачык көк түстүү Oppenheimer Blue бриллиантына таандык эле. Ал 2016-жылдын майында Christie’s аукционунда $57,5 млн долларга сатылган.
“Күлгүн жылдыз” – Америкалык геммологиялык институт (GIA) тарабынан жогорку баага татыктуу болгон дүйнөдөгү кынтыксыз фантазиялуу эң чоң бриллиант болуп саналат жана аукционго чейин 60 миллион долларга бааланган.
Алмаз 1999-жылы De Beersте табылып, алгач салмагы 132,5 карат болгон. Steinmetz Diamonds компаниясы тарабынан эки жыл жылмалангандан кийин ал көп кырдуу сүйрү формага келген. 2013-жылы Sotheby’s аукциону “Күлгүн жылдызды” 83 млн долларга сатууга ниеттенген, бирок сатып алуучу, нью-йорктук жылмалоочу Айзек Вольф убада кылган акчасын төлөбөй, бриллиант сатылбай калган экен.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.