Курс НБ на 15.11.2019 $69,8500 €76,9922

Сингапурда Зика вирусун жуктуруп алгандар 355 адамга жетти

Дүйнө
16 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
488
Сингапурда 355 адам Зика дартын жуктуруп алганы маалым болду. Жуманын башында  Сингапурда  14 адам  Зика оорусун жуктуруп, жалпысынан бейтаптардын саны 355 адамга жеткен. Мындай маалыматты РИА Новости Straits Times жергиликтүү басмасына шилтеме берүү менен жазды. Алгач оору  Сингапурдун жети районунда байкалган. Ага чейин Зика вирусу Таиландда тездик менен тарагандыгы маалым болгон.  Зика оорусу (калтырак басуу, чыйрыгуу) – маймылдардын инфекциялык оорусу. Вирус адамдарга чымындар аркылуу жугушу мүмкүн.  Вирус кош бойлуу аялдар үчүн абдан кооптуу. Анткени ал түйүлдүктү микроцефалияга баш мээнин кичирейишине алып келет.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.