Курс НБ на 14.11.2019 $69,8500 €76,8979

Сахарага кар жаап африкалыктардын оозун ачырды

Дүйнө
22 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
347
Кечээ, 21-декабрда Африканын Сахара чөлүнө акыркы 37 жылдан бери алгачкы ирет кар түштү деп маалымдады Independent гезити.
Алжирдин Айн-Сефра шаарынын түндүк тарабына түшкөн карды Карим Бушетат аттуу жаран сүрөткө тартып алган. Анын айтымында, күтүүсүз кар жарым күнчө жатып, анан эрип кеткен.
Айн-Сефра шаары “Чөлдүн дарбазасы” деген аталышы менен белгилүү. Бул жерде жайкысын ысык 37 градустан ылдый түшпөйт. Telegraph басылмасынын маалыматына ишенсек, ушул эле Айн-Сефрада 1979-жылдын 18-февралында биринчи жолу кар жааган.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.