Курс НБ на 22.10.2019 $69,7890 €77,9334

Россияда маянасы 200 миң рублдан жогору бош кызмат орундары бар

Дүйнө
08 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
22
“Известия” басылмасынын 8-октябрдагы маалыматына таянсак, ишке орноштуруу боюнча HeadHunter сервисинин эксперттери Россиянын ар кыл аймактарында маянасы 200 миң рублдан жогору бош турган кызмат орундарынын тизмесин түзүп чыккан. Тизмеге жогору маяна төлөнүүчү 20 бош кызмат оруну киргизилген. Маселен, Chief Executive Officer (генералдык директор) талапкерге маяна үчүн $10 миң же азыркы курс менен 650 миң рубль сунуш кылууда. Бул колго таза ала турган сумма.
Кошумчаласак, Россияда айына миллиондон ашык маяна алгандардын саны 11 287 адамды, ал эми 11 280 рублга чейин эмгек акыга иштегендердин саны 775 миң адамды түзөт.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу