Курс НБ на 12.11.2019 $69,8426 €77,0294

Россия АКШ үчүн башкы коркунучтардын жаңы тизмесине кирбеди

Дүйнө
21 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
344
АКШда РФнын жана НАТОнун конфликтисин 2017-жылдын негизги коркунучтарынын бири катарында атады.
Шайланган президент Дональд Трамптын администрациясы тарабынан түзүлгөн АКШнын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтиргендердин тизмесинде Россия жок, деп жазып чыкты Foreighn Policu.
Басылманын маалыматтарына ылайык, коргонуу саясатынын артыкчылыктарынын арасында Россияда тыюу салынган Ислам мамлекети менен күрөшүү, Кытайдын жана КНДРдин аракеттерине туруктуу көзөмөл жасоо, АКШнын куралдуу күчтөрүн модернизациялоо жана аларды каржылоого чектөөлөрдү алып салуу, киберчабуулдарга каршы туруу жана Пентагондун кыйла натыйжалуу иши камтылган.
Ошол эле учурда Foreighn Policu негизги тышкы саясат коркунучтарынын рейтингдерин түзгөн жана аны Пентагонго берген  Трамптын өткөөл командасындагы атын атабаган булакка шилтеме жасаган. Бирок, шайланган президенттин администрациясынан билдиришкендей, бул документти бүткөн катары эсептөөгө болбойт, ал дагы толукталат.
Мурда Пентагон бир нече ирет Россияны номер биринчи согуштук коркунуч катары атап келген, ошондой эле Москва АКШнын улуттук аскердик стратегиясынын артыкчылыктуу багыттарынын тизмесине кирген.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.