Курс НБ на 26.01.2020 $69,8443 €77,1640

Режеп Эрдоган: “Мартин, сен өзүң деги кимсиң?"

Дүйнө
15 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
355
Европарламенттин төрагасы Мартин Шульц Түркияда оппозициялык көз караштагы саясатчылар менен журналисттердин камакка алынып жатышына байланыштуу ЕС Анкарага каршы санкцияларды киргизиши мүмкүн деп айтты. Ал эми Түркияда кылмышкерлер үчүн өлүм жазасын киргизүү маселеси да талкууланууда. Бул туурасында Мартин Шульц: “Эгерде Анкара ушундай кадамга бара турган болсо, Түркиянын Еврорсоюзга кирүү маселесине чекит коюлат” - деди.
Мартин Шульцтун бул билдирүүсүнө карата Президент Режеп Тайип Эрдоган: “Айрым күчтөр Түркияга кысым көрсөтүүгө аракет жасоодо. Анкараны санкциялар менен коркутушууда. Бирок, биз эч кимден коркпойбуз! Сен өзүң кимсин, Мартин Шульц?” деп нааразы жооп кайтарды. Айтымында, түрк элинин тагдырын Батыш чечпейт. Эгер, парламент жогорку жаза чарасы катары өлүм жазасын кайтаруу тууралуу чечим кабыл алса, президент катары аны колдойт. Ал эми Түркия ЕСке киреби жокпу - бул маселе референдум аркылуу чечилиши мүмкүн. “Жыл аягына чейин күтүп туралы, анан элдин пикирин угабыз” - деп кошумчалады Режеп Эрдоган.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.