Курс НБ на 07.12.2019 $69,8490 €77,5883

Пянж башкарууну талап кылат

Дүйнө
17 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
358
Тажикстан менен Ооганстандын чек арасы аркылуу аккан Пянж дарыясынын жалпы узундугу 921 миң чакырымды түзөт. Амударыянын сол куймасы болуп эсептелеген бул дарыя Тажикстандын негизги дарыяларынын бири. Анын 114 миң чарчы чакырымдык бассейнинде 3 миллиондон ашык калк жашайт. Дарыя Хатлон ойдуңунда жашаган тажиктерди сугат суу менен гана камсыздабастан, жыл сайын өзүнүн буркан-шаркан түшкөн азоо кыялын көргөзүп ар кандай кырсыктарды да тартуулап турат.
 Ошондуктан, Тажик өкмөтү дарыяны башкаруу аракетин көрүүдө. Азиялык өнүктүрүү банкы бул максатка 30 млн доллар бөлүп бере турган болду. Анын ичинде Япониялык жакырчылыкты кыскартуу фондусунун 5 млн доллар суммасындагы техникалык гранты бар. Бул каражатка ирригациялык жана дренаждык системалар өркүндөтүлөт.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.