Курс НБ на 16.11.2019 $69,8500 €76,9922

Путиндин пресс-конференциясы жума күнгө жылдырылды

Дүйнө
21 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
425
Россиянын президенти Владимир Путиндин чоң пресс-конференциясы мурда белгиленген  бейшембиде эмес, а  жума күнү - 23-декабрда өтөөрүн мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков бүгүн билдирди.
“Россиянын Түркияда атып өлтүрүлгөн элчиси Андрей Карловду  бейшембиде акыркы сапарга узатууга байланыштуу президент бул күнү жыл сайын болуучу чоң пресс-конференциясын өткөрбөө чечимин кабыл алды.”, - деп айтты Кремлдин расмий өкүлү. Ошондой эле ал  В.Путин акыркы сапарга узатуу иш-чаларына катыша тургандыгын да кошумчалады.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.