Курс НБ на 19.11.2019 $69,8500 €77,3240

Путин элчи Карлов менен коштошту

Дүйнө
22 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
368
Бүгүн, 22-декабрда Орусиянын Президенти Владимир Путин 19-декабрда Түркияда курман болгон элчи Андрей Карлов менен коштошту.
Владимир Путин дипломат менен коштошуу зыйнаты өтүп жаткан Тышкы иштер министрлигинин имаратына келип, элчинин табытына гүл коюп, маркумдун жакындарына – энеси Мария Карловага, жесири Марина Карловага, уулу Геннадий Карловго жана карындашы Елена Ширанковага көңүл айтты. Элчи менен коштошуу үчун Владимир Путин бүгүнкүгө белгиленген ар жылкы чоң пресс-конференциясын башка күнгө жылдырды.
Владимир Путин кечээ, 21-декабрда Андрей Карловго Орусия Федерациясынын Баатыры наамын ыйгаруу жөнүндө жарлыкка кол койду.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.