Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

Президенттин уулу да саясатка умтула баштады

Дүйнө
27 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
463
19-октябрда Монголиянын борбору Улан-Батордун райондук кеңештерине депутаттарды шайлоо өткөрүлөт. Өлкөнүн аракеттеги президенти Цахиагийн Элбэгдорждун уулу - Эрдэнэ 27-хороодон депутаттыкка көрсөтүлдү. Ал Демократтар партиясынын өкүлү. Президенттин экинчи уулу Эрдене 2011-жылы Drexel University (Филадельфия, АКШ) медициналык колледжин аяктаган. Андан соң АКШда университетти аяктагандан кийин тынчтык миссиясынын курамында Түштүк Суданда кызмат өтөп, Монголияга 2013-жылы кайтып келген.
Эске салсак, Монголия президентинин 28 баласы бар – бешөөсү өзүнүкү, калгандарын асырап алган.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.