Курс НБ на 07.12.2019 $69,8490 €77,5883

Президенттин күнү белгиленет

Дүйнө
16 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
366
Тажикстанда  16-ноябрда алгачкы жолу Президенттин күнү белгиленет. Мындай майрам майрамдар жөнүндө мыйзамга өзгөртүү менен киргизилди.  Бийлик мындай жол менен Эмомали Рахмондун жеке өзүнүн эмес, өлкө президентинин аракеттерине баа берилерин билдирүүдө,-деп жазат Борбордук Азиянын кабарлар кызматы.
Бирок майрам үчүн тандалган күн учурдагы президент бийликке келген дата менен дал келет. 1992-жылдын 16-ноябрында Эмомали Рахмон (ал кезде Рахмонов) өлкөнүн Жогорку кеңешинин төрагасы, кийинчерээк президенти болуп шайланып, 24 жылдан бери Тажикстанды башкарып келет.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.