Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

Полиция кызматкерлеринин үшүн алган полтергейст

Дүйнө
23 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
457
Шотландия өлкөсүндөгү Глазго шаарынын тартип сакчылары борбор шаардын үйлөрүнүн биринен полтергейст менен болгон окуядан кийин жардам сурап, католик чиркөөсүнө кайрылды деп билдирет “Church Militant”.
Өткөн жумада Глазгонун чекесиндеги Рутергленге полиция чакырылган. Себеби аларды “абдан коркунучтуу абалда калганын” телефондон айтышып, эне менен бала чакырган. Окуя болгон жерге жетип келген тартип сакчылары кырдаалды карап көрүшүп “зомбулук” болгон деген тыянакка келишкени менен аны жасаган шектүү адамдарды таба алышкан эмес. Турак үйдү карап чыгып түзүлгөн отчеттон кийин, полиция кызматкерлери үй ичинен кийимдердин, буюмдардын ары-бери учкандыгын көрүшкөн, ал гана эмес кожоюндун итинин 2 метрге чейин көтөрүлүп, дубалга чабылгандыгына күбө болушкан.
20 жылдык эмгек стажысы бар офицерлер мындай шумдукту эч качан көрбөгөндүгүн айтат.  Муну жөнөкөй тил менен түшүндүрүүгө мүмкүн эмес дешет алар.
Алар полиция бөлүмүнө телефон чалган адам психикалык жактан оорулуу адамдай туюлган деп белгилешет. Качан гана өз көздөрү менен окуяга күбө болгондон кийин иштин жөнү башкада экендигин билишкен.
Бул эмне мистификациянын бир формасыбы? Же түшпү? Офицерлер өздөрүнө ушундай суроолорду коюп, бир бүтүмгө келе алышкан жок.
Полиция менен католик чиркөөсүнүн бирдиктүү чечиминен кийин эне менен балага жашаган жерин которууга туура келди. Азыр алар туугандарыныкына барып жашап жатат жана доктурлардын көзөмөлүндө. Ошондой эле эне-бала менен атайын кызматтын кишилери иштеп жатышат.
Глазго шаарынын полициясынын билдирүүсүнө караганда , “кырдаал өтө олуттуу” деп бааланууда.
Акун кызы Динара


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.